• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объекттер алынууда

Коом 0

Бишкек, 28.02.18. /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объекттерди алуу уланууда. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаардык мэриясынын Жер иштетүү жана курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, Орозбеков жана Можайский көчөлөрүнүн кесилишинде 2 соода түйүнү, 2 павильон жана 5 контейнер алынган.

Шаардык кызмат тарабынан кожоюндарына ээленген жер тилкелеринин документтерин көрсөтүү тууралуу билдирүү берилген.

Бирок ээлери бул билдирүүлөрдү эске албай коюшкан. Буга байланыштуу мажбурлап түртүрүү жүргүзүлдү.

Бул чаралар КРнын өз билемдик менен жер тилкелерин ээлөө жана курулуш объекттерин салуу боюнча мыйзамын бузууга жол бербөө максатында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий