• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте мыйзамсыз сакталган 215 курал-жарак алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.03.19. /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз сакталган 215 курал-жарак алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18нен 19-мартка чейин “Нооруз-2019” майрамдык иш-чарасын өткөрүү жана жогорку деңгээлдеги коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу максатында шаарда комплекстүү ыкчам-профилактикалык иш-чаралар өткөрүлгөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө уруксат берилген системасындагы 26 объект текшерилген. Алардын ичинен алтоосунда курал-жарак сакталган, ал эми 17си жеке күзөт мекемелери болгон.

Жыйынтыгында 1 миң 73 күзөтчү, газдык-травматикалык курал колдонууга жана сактоого уруксаты бар 276 адам жана куралды наамдык белек катары алган 147 адам текшерилген.

Аны менен бирге курал-жаракты сактоонун жана кайра каттоонун талаптарын бузуу үчүн 215 курал алынган. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Пикир

Оставить комментарий