• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте мыкаачылык менен сабалгандар: ИИМдин мурдагы кызматкери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.09.19. /Кабар/. ИИМдин мурдагы кызматкери Казыбек Бапышов кармалды, - деп билдирет КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетиттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, күн мурун УКМК өткөргөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Чүй облусунун ШИИБ КМК уюшулган кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку кызматкери К.Бапышов кармалды.

Эске алсак, 2018-жылдын 28-августунда Бишкек шаардындагы Ахунбаев Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында КР жарандары К.Сеитбеков жана Ж.Бапышов тарабынан У.Белеков жана А.Молдожиевдер катуу токмоктолгон.

Бул окуядан кийин Чүй облусунун ШИИБ КМК уюшулган кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери К.Бапышов кылмышты өз убагында аныктоого тоскоолдук кылуу максатында жана Бишкек шаардык ШИИБ милициянын күзөттөгү кайгуул кызматынын экипажы К.Бапышов менен биргеликте сүйлөшүп алып, аталган кылмышка катышкан адамдардын изин жашырган.

Бул окуя Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү жана 348-берененин 1-бөлүгү боюнча каттоого алынып, тергөө иштери КР УКМК Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Кармалгандар УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий