• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте “Мыкты баяндамачы” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Маданият 0

Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 18-январда Бишкекте “Мыкты баяндамачы – 2022” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Баяндамачылар арасында өткөн сынактын жеңүүчүлөрү:

I орун (ноутбук) – Перизат Даткаева, Бишкектеги А.С.Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

II орун (ноутбук) – Толкун Бегалиева, Оштогу К.Султанов атындагы №11 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

III орун (уюлдук телефон) – Фарида Айдарбекова, Бишкектеги №81 жалпы билим берүү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими.

Сынактын максаты – кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин жазуу жана сүйлөө чеберчилигин арттыруу, мыкты баяндамачылардын базасын түзүү болуп саналат.

Эскерте кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги 2022-жылдын 9-декабрында “Кыргызстандын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата сынак жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий