• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте “Наристе манасчы” шаардык сынагы өтөт

Коом 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. 1-июнь - Балдарды коргоо эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарынын мэриясы “Наристе манасчы” шаардык сынагын жарыялайт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сынакка Бишкек шаарынын мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарындагы 3 жаштан 11 жашка чейинки (1-4-кл.) балдар катыша алышат.

Иш-чаранын катышуучуларына “Манас” эпосунан үзүндү айтуу, көркөм аткаруу чеберчилигине баа берилет. Сынактын шарттары боюнча райондук сынактардан 1,2,3-орунга ээ болгон жеңүүчүлөр шаардык сынакка катыша алышат.

“Эң мыкты” деп табылган мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан 3 наристе манасчы (1,2,3-орундар), жалпы билим берүү уюмдарынан 3 наристе манасчы (1,2,3-орундар 1-4-класстардан), жалпы шаар боюнча 24 наристе манасчы шаардык сынакка катышат.

Сынакка катыша тургандардын аты, фамилиясы, жашы, окуган классы, мектеби, району, айта турган үзүндүнүн темасы жазылган табыштамаларды, катышуучулардын “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айткан видеороликтери менен (диск же электрондук алып жүрүүчүдө) кошо Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнө 2021-жылдын 28-майы саат 13.00гө чейин тапшыруу керек. Дареги: Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү - 17, 31-иш бөлмө, байланыш телефондору: (0312) 514417 (факс); 514430.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Кыргыз Республикасынын “Манас” эпосу жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу, “Манас” эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо жана борбор шаардагы жаш балдар арасында жайылтуу, эпос аркылуу балдарды идеялык-тарбиялык жана тарыхый-маданий мүнөздөгү иш-чараларга тартуу максатында өткөрүлүүдө.

Иш-чаранын өнөктөштөрү: “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы жана “Көйкашка” коомдук фонду.

Белгилей кетсек, сынак 31-майда саат 10.00дө “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы” мамлекеттик мекемесинин жыйын жайында башталат. Дареги: Бишкек шаары, И.Раззаков көчөсү - 8/1 (Ж.Бөкөнбаев көчөсү менен кесилишет).

Пикир

Оставить комментарий