• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте небересинин колунан бычак жеп каза болгон пенсионердин сөөгү өз үйүнөн табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. Кайгуул кызматынын кызматкерлери адам өлтүрүү фактысынын бетин ачты.

Кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын маалыматында, 2020-жылдын 28-январында болжол менен саат 13:40 чамасында Свердлов РИИБнин нөөмөт бөүмүнө 102 кызмат аркылуу Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районунун үйлөрүнүн биринен чыкыруу келип түшкөн. Кайгуул кызматынын жана Свердлов РИИБнин кызматкерлери айтылган дарекке барган учурда, 1937-жылы туулган К.Ю. аттуу жарандын бычактан жаракат алган жансыз денеси табылган.

Кылмыштын изи сууй электе милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп 1985-жылы туулган небереси К.Р кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Азыркы учурда бул кылмыш иши Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып,тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий