• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте немис тили мугалимдеринин съезди өтөт

Билим 0

Бишкек, 10-апрель /Кабар/. Немис билим берүү уюмдары Кыргыз немис тили мугалимдеринин бирлиги менен биргеликте Бишкектеги Германия Федеративдүү Республикасынын элчилигинин, Австрия Федералдуу Билим берүү министрлигинин, Астанадагы Австрия элчилигинин, Кыргызстандагы Швейцария элчилигинин, ошондой эле, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосунда 2017-жылдын 14-15-апрелинде Бишкекте Кыргызстандын немис тили мугалимдеринин 12-съездин өткөрөт.

“Немис тили: креативдик окутуп үйрөтүү” темасындагы Кыргызстандын немис тили мугалимдеринин 12-съезди К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде өтөт.

Эки күн бою мектептердин, ЖОЖдордун жана чоңдор үчүн билим берүү борбордорунун 250 мугалими 14 семинар боюнча 4 лекцияга катышат. Мугалимдер немис тилин окутуунун жаңы ыкмалары жана дидактикасы менен таанышышат. Республиканын мектептеринде жана ЖОЖдорунда немис тилин окутуу маселелерин, тил үйрөтүүнү жакшыртуу мүмкүндүтөрүн талкуулашып, тажрыйба алмашышат.


Пикир

Оставить комментарий