• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Нооруз кеңири белгиленди. Целлофан баштык менен соцэксперимент

Коом 0


Бишкек, 22.03.18 /Тумара Туратбекова – Кабар/. 21-мартта Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамы белгиленип, андан соң “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери үчүн көп “иш” калган.

Facebook колдонуучусу Эсенбек Чоткараев майрам учурундагы Ак үйдүн жанында тартылган сүрөт жана видеолорун жүктөгөн. Роликке карата пикирин жазган Чоткараев элдин маданият кайда деген собол салган.

Өз кезегинде “Тазалык” МИ баракчасында жумушчулар эс алуучулар ыргытып кеткен таштандыларды колу менен күн бою терип чыккан видео жүктөлгөн.

“Тазалык” ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракеева өз кезегинде социалдык эксперимент өткөрүп, жөө адамдар өткөн тилкеден целлофан баштыкты таштап кетип, кимдир бирөө алып коебу же жокпу байкоо салган.

Белгиленгендей, бир гана жигит таштандыны алып койгон.

Пикир

Оставить комментарий