• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте Нооруз майрамынын алдында ИИМдин ардагерлерине жардам көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 17-март /Кабар/. Бишкекте Нооруз майрамынын алдында ИИМдин ардагерлерине жардам көрсөтүлдү.

“Орто Азия Жибек Жолундагы маданий өнүгүү” компаниясы жана “Жибек Жолу. Маданий өнүгүү” гезитинин редакциясы бүгүн укук коргоо органдарынын ардагерлери менен жолугушуп, аларга азык-түлүк түрүндө белектерди тапшырды.

“Жибек Жолу. Маданий өнүгүү” гезитинин башкы редактору Эрлан Сатыбековдун айтымында, бул иш-чаранын максаты ИИМдин ардагерлерине көңүл буруу болуп саналат. “Ардагерлер – бул укук коргоо органдарынын жаш муунун өлкөдө коопсуздукту камсыздоого үйрөткөн база болуп саналат. Ошондуктан биз аларды Нооруз майрамы менен куттуктап, аларга узак өмүр каалап кетүүнү чечтик. Муну менен алардын укук тартиби органындагы кызматынын аркасында коомубузда баары тынч экендигин белгилеп көрсөтүүнү кааладык. Бул абдан маанилүү”, - деди ал.

Э.Сатыбеков белгилегендей, ардактуу эс алууда жүрүп дагы ардагерлер өз билимдери жана тажрыйбалары менен гана милициянын жаш муунуна бөлүшпөстөн, баштагыдай эле коомдук окуялардан четте калбай, зарыл болгон шартта жооп кайтарып келишет.

Кыргызстандын ыкчам кызматтарынын ардагерлеринин Кеңешинин төрагасы Жамбул Жаңыбаевдин айтымында, жаштардын көңүл буруусу жана жардамы абдан кубантат. “Бизди сүйүп, эстеп жана биз менен сыймыктанып жатканыңарга кубанычтабыз”, - деди ал.

Андан соң ардагерлер Кеңешинин башчысы суроолорго жооп берип, мурдагы милиция кызматкерлери эмне менен алектенип жатышканын айтып берди. “Кызматтан кеткенден кийин биз ар кандай иштер менен алектенебиз. Көбүнесе, укук коргоо органдарынын бардык мурдагы кызматкерлери коопсуздук тармагына иштегенге кетишет. Булар коопсуздук, экологиялык коопсуздук, маалыматтык коопсуздук кызматтары жана башкалар. Биздин кызмат дайыма бизге керек. Биз ИИМ менен абдан жакшы кызматташабыз. Мисалы, кандайдыр бир учурларда өз өтүнүчтөрүбүздү, сунуштамаларыбызды жазып жүрөбүз. Министрлик да бизди көңүлдөн тышкары калтырып койгон жок. Майрамдарда ар дайым куттуктап, түрдүү иш-чараларга чакырып турушат. Ооруканада акысыз дарылануу каралган”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий