• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте Нооруз майрамынын алкагында дипломатиялык жарманке өтүп жатат

Коом 0

Бишкек, 21.03.18. /Кабар/. Жаз майрамы Нооруздун урматына КР Тышкы иштер министрлиги жана Бишкек мэриясы кайрымдуулук дипломатиялык жарманке өткөрүп жатат. Иш-чара “Курманжан-Датка” эстелигинин жанындагы аллеяда саат 16:00гө чейин уланат.

Жарманкеде 20дан ашуун чет өлкөлөрдүн элчиликтери жана өкүлчүлүктөрү катышууда, алар өздөрүнүн улуттук тамактарын, ар кандай сувенирлерди, колдон жасалган жана дизайнерлик буюмдарды көрсөтүшүүдө.

Кайрымдуулук дипломатиялык жарманкесин өткөрүү Нооруз майрамын майрамдоонун алкагында жакшы саамалыкка айланууда. Иш-чара коноктор жана шаар тургундары үчүн башка өлкөнүн маданияты жана эли менен жакындан таанышуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк берет.

Иш-чарадан түшкөн каражаттын бардыгы социалдык мекемелерге берилет.

Пикир

Оставить комментарий