• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Ноорузга арналган кайрымдуулук дипломатиялык жармаңке өтөт

Коом 0

Бишкек, 20-март /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 21-мартта Нооруз майрамына арналган, КР Тышкы иштер министрлиги менен Бишкек шаардык мэриясы биргеликте уюштурган, Кыргызстанда аккредиттелген дипломатиялык корпус катышкан кайрымдуулук дипломатиялык жармаңке өтөт. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирет.

Майрамдык иш-чарага КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары, ошондой эле башка чакырылган меймандар катышат.

Иш-чаранын программасынын алкагында келгендерге жана шаар конокторуна улуттук даамдар, ар түрдүү сувенирлер, кол өнөрчүлүк буюмдары, дизайнердик буюмдар, экопродуктулар жана башкалардын көргөзмө-жармаңкеси уюштурулган. Чыгармачыл жамааттардын катышуусунда концерттик программа көрсөтүлөт. Чогултулган каражаттар кайрымдуулук максаттарында жумшалат.

Пикир

Оставить комментарий