• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу дагы бир нече көчө жабылат

Коом 0

Бишкек, 05.04.18. /Кабар/. Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинен тарта оңдоо иштерине байланыштуу дагы эки жол жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ала ылайык:

-Чүй проспектиси Шабдан Баатыр көчөсүнөн Т.Айтматов көчөсүнө чейин – 15-майга чейин жабык болот;

-Шабдан Баатыр көчөсү Чүй проспектисинен Анкара көчөсүнө чейин транспорт кыймылы үчүн 10-оюлга чейин жабылат;

-Чүй проспектиси Павлов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин 1-оюлга чейин жабылат.

Бул тилкелерде жолду оңдоо, жол белгилерин орнотуу иштери жүрөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурап, жол кыймылынын альтернативдик каттамдарын тандоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий