• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу Щербаков көчөсү жабылат – мэрия

Коом 0

Бишкек, 22.03.18. /Кабар/. Ондоо иштерине байланыштуу Щербаков көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат,-деп билдирет Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Шаардык муниципалитеттин капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 22-мартынан тарта Щербаков көчөсүнүн бир бөлүгү Манас проспектисинен Махатма Ганди көчөсүнө чейин убактылуу жабык болот.

Аталган тилкеде жолду толугу менен оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.

Курулуш иштерин ушул жылдын 1-июлуна чейин бүткөрү пландалууда.

Бишкек шаардык мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, айдоочуларды өз каттамдарын алдын ала пландап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий