• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте оңдоп-түзөөдөн соң №16 атайын логопеддик бала бакча ачылды

Коом 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Бишкекте оңдоп-түзөөдөн соң №16 атайын логопеддик бала бакчасы ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакчада тышкы инженердик тармактарды куруу жана ички жасалгалоо иштери жүргүзүлдү. Имараттын фасады, полдору жана шыптары жаңыланып, жылытуу жана электр менен камсыздоо системалары толугу менен алмаштырылып, сантехника иштери бүткөрүлдү (тамак-аш блогу, ванна бөлмөлөрү).

Мекеменин аймагы көрктөндүрүлдү – 6 балдар аянтчасы ишке киргизилип, резина жабындары, сырткы темир тосмо орнотулуп, брусчатка төшөлдү.

Атайын бала бакча 150 орундуу – 6 тайпага ылайыкталган, жер тилкесинин жалпы аянты 4713,75 чарчы метрди, имаратынын аянты 1065 чарчы метрди түзөт.

Белгилей кетсек, имарат билим берүү башкармалыгынын балансына өткөрүлгөн. Буга чейин имаратта Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борбору жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий