• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте оңдоп-түзөөдөн соң Фере көчөсү ачылды

Коом 0

Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. Бишкекте калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров жана Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун катышуусунда Фере көчөсүнүн ачылышы болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Фере көчөсүнүн Элебесов көчөсүнөн Дачная көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдун эки тарабына тротуар салынып, ирригация да орнотулду.

Белгилей кетсек, көрктөндүрүү көзөмөлү боюнча муниципалдык инспекция жолду оңдоого тоскоол болгон мыйзамсыз курулуштарды жана объектилерди алдырган.

Пикир

Оставить комментарий