• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте ойлоп табуулардын укуктук коргоо маселелери боюнча окутуу семинары болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 16-февраль /Кабар/. 2017-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) “Кыргыз Республикасында ойлоп табуулардын укуктук коргоо маселелери” темасындагы окутуу семинары болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Семинардын максаты - ойлоп табууларга өтүнмөлөрдү тариздөө жана берүү тартибин үйрөтүү болуп саналат.

Семинарда Кыргызпатенттин эксперттери ойлоп табууларга өтүнмөлөрдү тариздөө жана карап чыгуунун жол-жобосу, формалдык экспертизалоо жана ойлоп табууларга өтүнмөлөрдү берүү тартиби, Кыргыз Республикасында ойлоп табууларды укуктук коргоо маселелери жөнүндө түшүндүрүп беришти. Укуктук коргоо маселелеринен тышкары катышуучуларга Кыргыз Республикасынын патенттик тутуму жөнүндө маалымат берилди.

Семинарга КРнын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана химиялык технологиялар институтунун, Биотехнологиялар институтунун, Биотехнологиялар инновациялык борборунун жана Биология жана топурак таануу институтунун өкүлдөрү катышты.

Окутуу семинарынын соңунда Кыргызпатенттин эксперттери тарабынан семинардын жүрүшүндө каралган объектилерге укуктук коргоо маселелери боюнча консультациялар берилди.

Пикир

Оставить комментарий