• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте “Оймо-2017” фестивалынын катышуучуларынын жүрүшу өттү

Маданият 0

Бишкек, 28-июль /Даниил Хашковский – Кабар/. Бишкекте “Оймо-2017” эл аралык фестивалынын алкагында катышуучулардын парады өттү. Жүрүш “Россия” кинотеатрынан Курманжан Датканын эстелигине чейин барып аяктады. Мында фестивалдын ачылышы болду.

Салтанатта “Кол өнөрчүлүк продукциясына сапат белгиси” сертификаты тапшырылды.

Фестивалга дүйнөнүн ар кыл өлкөсүнөн 120 кол өнөрчү катышып, өз чеберчиликтерин сунушташууда. Фестиваль 30-июлга чейин уланып, андан соң Чолпон-Атага которулат.

Иш чара Борбор Азиядагы маанилүү маданий окуя болуп саналат.

«Оймо-2017» уюштуруучулары жана өнөктөштөрү CACSARC-kg ресурстук борбору, Кыргызстан Кол өнөрчүлөр кеңеши, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Бишкек мэриясы жана райадминистрациялары, КР Сүрөтчүлөр союзу, Ысык-Көл райадминистрациясы, Чолпон-Ата шаардык мэриясы, “Кол өнөрчүлүк жана салттуу билимдер” бейөкмөт уюму жана башка уюмдар.

Пикир

Оставить комментарий