• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте “Oimo International. Обондор жана кол өнөрчүлүк” фестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 14.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте күз-кышкы “Oimo International. Обондор жана кол өнөрчүлүк” фестивалы өтөт. Мында бир аянтта музыкалык концерт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү, кийиз буюмдарын жасоо: курак, сайма боюнча мастер-класстар өтмөкчү.

Уюштуруучулар билдиришкендей, бул фестиваль Бишкек шаардык мэриясынын, Кыргызстанда кол өнөрчүлүктү колдоо Борбор Азиялык ассоциациянын (CACSARC-kg) ресурстук борборунун жана Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешинин колдоосунда өтөт.

Катышуучулары Кыргызстандын бардык аймактарынан, ошондой эле Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандан келген кол өнөрчүлөр жана дизайнерлер болушат.

Фестиваль жана көргөзмө Курманжан Датканын эстелигинин жанындагы аянтта 17-19-ноябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий