• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте ок атуу боюнча республикалык чемпионаттын жеңүүчүлөрү аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 29.12.20. /Кабар/. Бишкекте 26-декабрда ок атуу спорту боюнча республикалык чемпионаттын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдештердин расмий ачылыш аземине Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов жана Ок атуу федерациясынын президенти Саламат Эргешов катышты.

Жалпысынан чемпионатка 34 спортчу катышты.

Мелдештин жыйынтыгы:

Пневматикалык пистолет менен эркектер арасында:

1-орун – Аскат Токмоков;

2-орун – Александр Кошелеа;

3-орун – Санжарбек Эркинбаев.

Пневматикалык винтовка менен эркектер арасында:

1-орун – Рамазан Кадырбеков;

2-орун – Сыргак Туменбай уулу;

3-орун – Элдан Айбеков.

Пневматикалык пистолет менен кыздар арасында:

1-орун – Бактыгүл Махмадова;

2-орун – Регина Баязитова;

3-орун – Айгерим Кеңешбекова.

Пневматикалык винтовка менен кыздар арасында:

1-орун – Анастасия Щуковская;

2-орун – Каныкей Кубанычбекова;

3-орун – Юлия Стаценко.

Пикир

Оставить комментарий