• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Океандын "жээгинде" брусчатка төшөлүп, 30 отургуч орнотулат

Коом 0

Бишкек, 26.02.20. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясы коомдук жерлерди көрктөндүрүү иштерин баштады.

Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, учурда Манас менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде, "Океан" дүкөнүнүн алдында курулуш иштери жүргүзүлүп жатат.

"Тазалык" ишканасынын 40ка жакын кызматкери 4 миң чарчы метр жерге брусчатка төшөп, бордюрларды орнотууда. Жакында ал жерде 30 орундук жана 9 таштанды челектери коюлат", - деп билдиришти мэриядан.

Брусчатка төшөлгөндөн кийин ишке "Бишкек жашылдандыруу" жана "Бишкек жарык" ишканалары киришет. "Тазалыктын" кызматкерлери жумушту март айынын аягына чейин бүткөрүүнү пландап жатат.

Пикир

Оставить комментарий