• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте Октябрь райондук милициясынын башчысынын орун басары пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.11.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБсинин кызматкери кармалды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан укук коргоо органдарынын чөйрөсүндөгү коррупциянын көрүнүштөрүнө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, пара талап кылып алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБ кызматкери кармалды.

Такталгандай, Октябрь РИИБнин кызматкери жеке кызыкчылыгын көздөп, Кыргыз Республикасынын айрым жарандарына акча уурдоо фактысы боюнча жасалма арыз даярдаткан. Жыйынтыгында, моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү жолу менен арызды кароону токтотуу үчүн 80 миң сом талап кылган.

Аталган материал Кыргыз Республикасынын УКМК 326-беренесинин 1-бөлүмү ("Опузалап пара алуу") боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

2021-жылдын 4-ноябрында КР ИИМ Криминалдык милиция кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Бишкек шаарынын Октябрь районунун Көк-Жар айылынын аймагында пара алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Октябрь районунун Криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары милициянын майору Н.Э.Д. кармалды.

Кармалган ИИБ кызматкеринин авто унаасын тинтүү учурунда, ПМ жана АК-47 ок атуучу куралынын ок-дарылары, 5600 АКШ доллар жана белгисиз жарандардын бир нече паспорттору табылган.

Кармалган Н.Э.Д. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен 2 айга КР УКМК тергөө камак жайына камоо түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Пикир

Оставить комментарий