• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте окуучулар арасында “Китеп-билим булагы” сынагы өтүүдө

Билим 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. Мэриянын билим берүү башкармалыгы мамлекеттик тил күнүнө карата сынак өткөрүүдө.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, 2020-жылдын 15-сентябрында окуучулардын “Китеп - билим булагы” офлайн-сынагынын райондук туру өткөрүлдү. Сынактын шаардык туру бүгүн, 18-сентябрда өткөрүлөт.

"Сынакка Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарынын окутуу кыргыз, орус тилинде жүргүзүлгөн мектептеринин 6-11-класстарынын окуучулары катышышты. Жобого ылайык сынактын биринчи этабы менен (райондук) 6-8-класстын окуучуларынын жыйынтыгы чыгарылат. Экинчи этапка (шаардык) 9-11-класстын окуучуларынын 1-орунду алган окуучулары катыша алат", - деп айытлат маалыматта.

Ар бир класстын окуучуларына дил баян жазуу тапшырмасы берилген:

6-класстар үчүн дилбаяндын темасы: “Башка тилди жандай жакшы көрсөм да, Өз тилимди сүйгөнүмдөн жаңылбайм.” (А.Осмонов),

7-класстар А.Токомбаевдин “Күүнүн сыры” аңгемеси,

8-класстар Ч.Айтматовдун “Эрте келген турналар” повести,

9-11-класстар Төлөгөн Касымбековдун “Адам болгум келет” повести.

Мэриядан кошумчалашкандай, тапшырмалар уюштуруу комитети тарабынан даярдалды. Баш байге жана 1-2-3-орунга ээ болгон жеңүүчүлөр кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланат. Мугалимдер болсо үч күнгө Ысык-Көлгө эс алууга барышат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын 31 жылдыгына карата мэриянын билим берүү башкармалгы 2020-жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин мамлекеттик тил бир айлыгын жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий