• 87.42
  • 94.23
  • 1.15

Бишкекте окуучулар эки күн онлайн окуй турган болушту

333 кароо Билим 0

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. Бишкекте мектеп окуучулары эки күн онлайн окуй турган болушту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Мындай чара Бишкекте өтүп жаткан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына карата жолдордун маал-маалы менен жабылышына байланыштуу экендиги айтылат.

«Окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 9-10-декабрь күндөрү онлайн окуу уюштурулат. Мектеп директорлоруна бул чечим тууралуу ата-энелерге кабар берүү милдети коюлган», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий