• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте окуучулар жана студенттер арасында "Кесибиңди өзгөрт" акциясы өттү

Коом 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. Бишкекте окуучулар жана студенттер арасында "Кесибиңди өзгөрт" акциясы өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара мэриянын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан уюштурулуп, ага 60тан ашык адам катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө "Бишкекжашылчарба" жана "Тазалык" ишканаларынын атайын кийимин кийген жаштар аталган ишканалардын кызматкерлеринин күнүмдүк иштерин аткарышты.

Акциянын максаты - жаштардын мекенчилдигин жогорулатуу, тазалыкчылардын жана жашылдандыруучулардын ишине ыраазычылык билдирүү болуп саналат.

Иш-чара "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар"долбоорунун алкагында өттү.

Пикир

Оставить комментарий