• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте “Ооганстан – биздин эстутум жана кайгы” аттуу көргөзмө ачылды

Маданият 0

Бишкек, 14-февраль /Кабар/. М.В.Фрунзенин үй-музейинде бүгүн 14-февралда 1989-жылы советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылышына арналган фотодокументалдык көргөзмө ачылды.

15-февралда Советтер Союзу аскерлерин Ооганстандан чыгарганына 28 жыл толот. 7 миңден ашык кыргызстандыктар Ооганстанда согушка катышкан. 249 адам каза таап, төрттөө дайынсыз жок болгон.

Көргөзмөдөгү материалдарда ооган согушу, анын себептери, Советтик аскерлердин чыгарылышы, ардагер ооганчылар - А.Чотбаев, С.Асакеев, С.Азизов, К.Токтомбаев, А.Капсаламов жана башкалар тууралуу айтылат. Ар биринин өзүнүн тарыхы, эскерүүлөрү бар, бардыгын тең туруктуулук, кайраттуулук, Ата Мекенине берилгендик, аскер антын бекем сактагандык бириктирип турат.

Пикир

Оставить комментарий