• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 12.11.19. /Кабар/. Кечээ, 11-ноябрда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган оор атлетика боюнча эл аралык мелдештин ачылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Ачылыш аземине Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Саматбек Ибраев, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, Кемин районунун акими Нурлан Шаршеналиев, КРдин гимндин автору Шабданбек Кулуев, Кыргызстандын оор атлетика боюнча федерациясынын президенти Ахматбек Келдибеков жана Каныбек Осмоналиевдин достору, туугандары катышты.

Жарышка Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан болуп 156 спортчу катышууда.

Эркектер жана кыздар арасында бир катар салмак ченинде күч сынашууда.

Эркектер: 55 кг, 61 кг, 67 кг, 73 кг, 81 кг, 89 кг, 96 кг, 102 кг, 109 кг, +109 кг.

Кыздар: 45 кг, 49 кг, 55 кг, 59 кг, 64 кг, 71 кг, 76 кг, 81 кг, 87 кг, +87 кг.

Эскерте кетсек, мелдешти өткөрүүгө Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 1 миллион 240 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий