• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. Бишкекте Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 32-жолу өтүп жаткан эл аралык мелдеш 11-13-ноябрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында болот.

Жарышка Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышат.

Мелдеште эркектер жана кыздар арасында бир катар салмак ченинде күч сынашат.

Эркектер: 55 кг, 61 кг, 67 кг, 73 кг, 81 кг, 89 кг, 96 кг, 102 кг, 109 кг, +109 кг.

Кыздар: 45 кг, 49 кг, 55 кг, 59 кг, 64 кг, 71 кг, 76 кг, 81 кг, 87 кг, +87 кг.

Мелдешти өткөрүүгө Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 1 миллион 240 миң сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий