• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте оор кылмыш боюнча издөө салынган жаран Жайыл районунан кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында оор кылмыш жасап, Бишкек ШИИББы тарабынан издөө салынган жаран Чүй облусунун ИИББнын жана Жайыл РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери трабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 24-сентябрь күнү болжол менен саат 08:00 чамаларында Жайыл районунун Федоровка айылындагы талаалардын биринен 1985-жылы туулган А.Х. аттуу жаран кармалган.

Милиция кызматкерлери тарабынан кароо учурунда анын жанынан өзгөчө жыты бар зат алынып, салмагы 30 граммды түзгөн.

Тиешелүү сотко чейинки өндурүш иштерин жүргүзүү үчүн кармалган жаран Бишкек шаардык ИИББдүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий