• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте ооруканадан качып кеткен тергөөдөгү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.04.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан бир күн мурун ооруканадан качып кеткен убактылуу кармоочу жайга камалган жаран кармалды. Бул тууралуу райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ, 26-апрелде саат 20:00 чамасында буга чейин алдамчылыкка шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган 1997-жылы туулган Э.Н. Улуттук хирургия борборунан качып кеткен.

Комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь райондук ИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кыска мөөнөттө Э.Н. Аламедин-1 кичирайонунун аймагынан кармалды.

Пикир

Оставить комментарий