• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте ооруканалар толуп калды, аймактарды бекемдөө керек

Ден соолук 0

Бишкек, 06.11.18. /Кабар/. Бишкекте ооруканалар толуп калды, бардык облустардан медициналык жардам алуу үчүн адамдар келишүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкектеги аймактык бөлүмүнүн сапат экспертизасы бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Черикова билдирди.

Анын айтымында, бейтаптар борборго керектүү жабдык бар болгондуктан келишүүдө.

“Облустарда мыкты дарыгерлер бар, билимдери жакшы, болгону керектүү шаймандар, лабораториялык шарттар жетишпейт. Ушундай эле кадрлар, аппаратура болушу үчүн аймактарды бекемдесе жакшы болмок”, - деди ал.

Черикова маалымат жыйынынын жүрүшүндө шаардыктарга стационардык дарылануу канчалык кыйын экендигине көңүл бурду.

“Биздин шаардыктар 6-шаардык ооруканага кире албай жатышат. Ал жактагы дарыгерлер жакшы, кызматкерлер, шарттар дагы жакшы. Адамдар кезекке туруп жатышат. Бир оорулуу ооруканадан чыгып, палата бошогондо анын ордуна башка бирөө жатып жатат. Бардык жарандар сигналдык баракчалар боюнча ооруканага жаткырылууда. Стационардык жардам кымбат турат. Ага тамактануу, коммуналдык кызматтар кирет. Биз бейтап ооруканага негиздүү жатканын көзөмөлдөйбүз”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий