• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте ооруканаларда 143 бала коронавирустан дарыланып жатат

Ден соолук 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Бишкектеги ооруканаларда коронавирус инфекциясынан 143 бала дарыланып жатышат.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата балдар арасында вирустук инфекция жана этиологиясы такталбаган пневмония азаюуда.

Белгиленгендей, Эне-баланы коргоо улуттук борборунда жана №3 балдар ооруканасына 60тан 80ге чейин кайрылуулар болуп, анын ичинен 10-15 бала ооруканага жаткырылууда, калгандарына амбулатордук жардам көрсөтүлүп жатат, 80%ы шаардыктар.

“10-15 баланын ичинен (90% учур) пневмония менен жаткырылууда. Бүгүнкү күнгө карата Эне-баланы коргоо борборунда 90 бала, №3 балдар ооруканасында 53 бала жатат. Ага карабастан ата-энелерди сак болууга жана бардык санитардык тазалык эрежелерин сактоого чакырабыз”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий