• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте ооруканаларда бейтаптар үчүн 400 бош орун бар – министрлик

Ден соолук 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. Бишкекте саламаттык сактоо мекемелеринде бейтаптар үчүн 400 бош орун бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 3 миң 455 орун дайындалган. “Эртеңден баштап бул сан Бишкек жана Ош шаарларындагы резервдердин эсебинен 400 керебетке көбөйөт. Учурда Бишкекте эле запаста 400 орун турат”,-деди ал.

Ошондой эле Рахматуллаев стационарларга 2,5 айга жете турган дары-дармектер бар экенин белгиледи. “Бул маселе көзөмөлдөнүп жатат”,-деп кошумчалад ал.

Пикир

Оставить комментарий