• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте ооруканалардагы бош орундарга мониторинг жүргүзө турган система ишке кирди

Коом 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. Республикалык ыкчам штабдын тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети тарабынан коронавирус инфекциясына кабылган жана өпкөсү сезгенген бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүп жаткан ооруканалар, стационарлар боюнча маалыматтар жайгаштырылган санариптик карта иштелип чыкты. Электрондук система менен Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Ошондой эле пилоттук режимде медициналык мекемелердеги бош керебет-орундарга мониторинг жүргүзө турган система ишке кирди. Бул ооруканалар менен тез жардам кызматынын өз ара аракеттешүүсүн шарттайт.

«Жарандарга медициналык жардам берүүдө электрондук системанын мааниси чоң. Ал аркылуу ооруканалардагы бош орундарга мониторинг жүргүзүлүп, 103 жана 118 кызматтары бейтаптарды кайсыл медициналык мекемеге алып баруу тууралуу маалымат алат. Бул аркылуу жарандардын өмүрүн сактап калууда убакыт текке кетпейт», - деди Алмазбек Баатырбеков.

Система аркылуу ооруканалардагы, күндүзгү жана түнкү стационарлардагы медициналык жабдуулар жана адистердин саны боюнча да маалымат алууга болот. Маалыматтарды бир тутумга чогултуу үчүн MegaCom компаниясы медициналык мекемелерге смартфондорду акысыз берди.

«Онлайн режиминде иштеп жаткан системага бириктирилген маалыматтар адистерге кырдаалды талдап, мындан аркы чечимдерди кабыл алууга жана иш-аракеттерди моделдөөгө мүмкүндүк берет», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Жарандар https://map.covid.kg шилтемеси аркылуу электрондук системадан маалыматтарды алса болот. Санариптик карта шашылыш негизде иштелип чыккандыгына байланыштуу баштапкы баскычында кемчиликтер кетиши мүмкүн, бирок IT адистери тутумду жакшыртуунун үстүндө иштеп жатат. Мүчүлүштүктөр кетсе түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз.

Пикир

Оставить комментарий