• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте ооз ачуу өткөргөн чайкана ээсине айып салынды

Коом 0

Бишкек, 19.05.20 /Кабар/. Күн мурун түнү ӨКМ, ИИБ, Санэпидемкөзөмөл кызматкерлеринен турган Ленин райондук тобу жана акимчилик тарабынан "Кара-Суу" чайканасы иштеп жаткандыгы аныкталган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Баардык конок бөлмөлөрүндө эс алып жаткан адамдар болгон жана кызматкерлер толук курамда иштеп жаткан. Кафенин ээси А. Конгантиева бул фактты алар ооз ачуу өткөрүп жаткандыгы менен түшүндүргөн", - деп айтылат маалыматта.

Жеринде протокол түзүлүп, чайкана ээсине айып салынган.

Мэриядан санитардык рейддер улантылып жаткандыгын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий