• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте опузалап акча талап кылууга шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.02.23./Кабар/. Бишкекте опузалап акча талап кылууга шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Бишкек шаарынын тургуну Ички иштер органдарына кайрылып, мыйзамсыз иш аракеттерин жасаган адамга карата тийиштүү чараларды көрүүнү өтүнгөн. Арыздануучу ушул жылдын 31-январы күнү белгисиз адамдар үйүнүн эшигин бузуп кирип, ага карата күч колдонуп, коркутуу жолу менен 4 миң долларын алып кетишкенин билдирген. Алар ошону менен токтоп калбастан кайрадан акча каражатын талап кыла башташкан.

Аталган факты боюнча "Опузалап талап кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүнү аныктоо жана колго түшүрүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Натыйжада Бишкек шаарынын Жибек-Жолу көчөсүнөн опузалап талап кылынган каражаттын бир бөлүгүн, тактап айтканда 24 миң сом өлчөмүндөгү акча алып жаткан учурда кылмышка шектүү адамдардын бири кармалган.

Кармалган жаран мурда бейбаштык, каракчылык жана баңгизатына байланышкан кылмыштар боюнча бир нече жолу сот жообуна тартылган. Ал 1985-жылы Талас облусунда туулган Р.М. экендиги аныкталган.

Шектүү 2 айга камакка алынып, учурда аталган кылмыш ишине катыштыгы бар башка өнөктөштөрүн аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий