• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте опузалап пара алуу фактысы боюнча сот аткаруучу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.03.22. /Кабар/. Опузалап пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук Соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР сот тутумундагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы менен биргеликте Бишкек шаарынын Октябрь райондук сот аткаруучулар кызматынын бөлүм башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу К.К.Ж. Кыргызстандын А.у.А. аттуу жаранынан аткаруу өндүрүшүн токтотуу жана Кыргызстандын чегинен тышкары чыгууга мурда коюлган чектөөлөрдү алып салуу үчүн 60 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылып, алып жаткан жеринен кармалган.

Белгилей кетсек, буга чейин сот аткаруучу К.К.Ж. жогорудагы маселе боюнча акчанын бир бөлүгүн алып, бирок чектөөнү алып салуу маселесин чечпестен, А.у.А. аттуу арыздануучудан опузалап акча каражатын алууну уланта берген.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Октябрь райондук Соттук аткаруучулар кызматынын бөлүм башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу К.К.Ж. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалып, ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий