• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте ордо боюнча республикалык турнир өттү

Спорт 0

Бишкек, 28.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкек шаарында 24нөн 27-ноябрь аралыгында республикалык “Ордо оюну” турнири өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Мелдеште Талас, Ош, Нарын, Баткен, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл облустарынан, Бишкек жана Ош шаарларынан командалар катышкан.

Турнир Адеп, ыйман жана маданият жылына арналган. Мелдештин уюштуруучулары Улуттук спорттун түрү боюнча дирекция, “Ордо оюну” федерациясы.

Мелдештин жеңүүчүлөрү медаль жана дипломдор менен сыйланышты. Жалпы байге фонду 60 миң сомду түзгөн.

Жыйынтык:

1-орун Талас облусу-2

2-орун Талас облусу-1

3-орун Бишкек шаары-1

Пикир

Оставить комментарий