• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте орган кызматкерлери жабырлануучунун тосмо арызын жасалмалаган

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Башкы прокуратура тарабынан Бишкек шаарынын ички иштер органдарынын сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүүдө кабыл алынып жаткан чечимдеринин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү текшерүүгө алынды.

Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүнүн алкагында жабырлануучунун атынан жазылган жасалма арызынын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши мыйзамсыз кыскартылган фактысы аныкталды.

Алсак, 2021-жылдын 19-январында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну А.Н. аттуу жаран үйүнө кирип «Артел» маркасындагы 12500 сомдук телевизорун уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүү тууралуу арызы менен кайрылган. Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) менен катталган.

Бирок, аталган райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү кандайдыр бир ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзбөстөн, жабырлануучунун арызын жасалмалап, сотко чейинки өндүрүшүн кыскартуу жөнүндө мыйзамсыз чечим чыгарган.

Аталган факт Башкы прокуратура тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 320-беренеси менен (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Учурда Бишкек шаарынын ички иштер органдарынын сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча башка кабыл алынып жаткан чечимдеринин мыйзамдуулугунун текшерүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий