• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте "Орозо айт маарек болсун!" майрамдык иш-чара өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 07.06.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. "Ала-Тоо" аянтынын Чыңгыз Айтматов эс алуу багында "Орозо айт маарек болсун!" аттуу майрамдык иш-чара өтүүдө. Иш-чаранын программасында көргөзмө, жарманке, кызыктуу конкурстар жана викториналар ойнолууда.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чара түрдүү конфессия жана улуттар ортосундагы диалог түзүүгө көпүрө болуп, достук мамилелеринин чыңдалышына, маданият алмашууга, коомдо тынчтык жана өз ара түшүнүүгө мыкты аянтча түзүү.

"Рамазан айынын соңуна чыгышы жана айт майрамынын алкагында ушундай иш-чара уюштуруп жатабыз. Биздин негизги максатыбыз Бишкектин тургундарына жана меймандарына майрамдык маанай тартуулоо болуп саналат", - дейт айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, аталган иш-чара кечи саат 19:00гө чейин уланат

Пикир

Оставить комментарий