• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте “Орто кылымдардын күзү” спорттук-тарыхый фестиваль өтөт

Маданият 0

Бишкек, 05.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте 8-октябрда “Орто кылымдардын күзү” аталыштагы спорттук-тарыхый фестиваль өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Дайыр Асанов атындагы (Түштүк дарбаза) эс алуу паркында саат 11:00дө “Жаш-Батыр” аскерий-патриоттук фестивалынын алкагында өткөрүлөт.

“Келиңиздер, абдан кызыктуу болот. Сиздер бир гана жагымдуу маанайга бөлөнбөстөн, колуна кылыч кармап, зоот кийген жоокерлер менен жана орто кылымдын ар кандай белгилер менен сүрөткө түшө аласыздар”,-деп бардык каалоочуларды уюштуруучулар иш-чарага чакырып кетишти.

Пикир

Оставить комментарий