• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте орус тили боюнча ЖОЖдор арасында олимпиада өтүп жатат

Билим 0

Бишкек, 17-апрель /Роман Гайнанов – Кабар/. Бишкекте Адеп, ыйман жана маданият жылына арналган Кыргызстандын 13 ЖОЖдорунун 1-курстарынын арасында орус тили боюнча арасында олимпиада өтүп жатат.

Иш-чаранын уюштуруучулары “Евразиялык – жаңы толкун” фонду жана К.Карасаев атындагы БГУ.

Уюштуруучулар билдиришкендей, орус тили боюнча студенттик олимпиада бир нече жылдан бери өткөрүлгөн эмес. “Ошондуктан БГУнун бул мелдештерди жандандырууга умтулуусу абдан маанилүү. Биз олимпиадага өлкөнүн ЖОЖдорунун жогорку кызыгуусун байкадык. Мисалы, борбордук гана эмес, аймактардагы: Талас, Нарын, Жалал-Абад жана Ош облустарынын ЖОЖдору да катышуу каалоосун билдиришкен”, - деди “Евразиялык – жаңы толкун” фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Владимир Лю.

Олиппиаданын алкагында катышуучулар бир нече тапшырмаларды аткарууга тийиш: компьютердик тест (орфография, лексика, синтаксис, фразеология). Командаларга 20дан тапшырма берилип, аларды компьютерде аткарууга 30 мүнөт бөлүнгөн. Андан тышкары, командалардын презентациясы. Адеп, ыйман жана маданият жылына арналган тапшырмага 5 мүнөттөн, эркин тандоодогу көркөм окууга 2-3 мүнөт убакыт берилет.

Пикир

Оставить комментарий