• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте орус тили мугалимдеринин эл аралык форуму өтөт

Билим 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында Бишкекте “Шериктештик өлкөлөрүнүн көп мейкиндигинде орус тилин окутуу: өзгөчөлүктөрү, келечеги, милдеттери” аттуу эл аралык форум өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Эл аралык форум КМШ өлкөлөрүндө орус тилин окутуунун актуалдуу маселелери боюнча эркин пикир алмашуу үчүн ачык аянтча болуп саналат. Форум Армения, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Молдовадан келген орус тили мугалимдери менен орус тилиндеги ачык билим берүү борборлорунун мугалимдеринин башын бириктирип, Шериктештик өлкөлөрүнүн мугалимдеринин кесиптик байланыштарын бекемдейт.

Форумдун программасына стратегиялык сессиялар, лекциялар, тегерек столдор жана чет өлкөлөрдө орус тилин окутуу жаатында таанылган эксперттердин, окумуштуулардын жана практиктердин мастер-класстары кирет.

Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен форум аралаш форматта бетме-бет өткөрүлөт. Форумдун салтанаттуу ачылышы Novotel Bishkek City Center мейманканасында болот. КМШнын башка өлкөлөрүнүн жергиликтүү студияларынын мугалимдери онлайн режиминде Бишкектеги бетме-бет иш-чараларга кошулат. Иш-чара аяктагандан кийин бардык катышуучулар сертификат алышат.

«Шериктештик өлкөлөрүнүн көп мейкиндигинде орус тилин окутуу: өзгөчөлүктөрү, келечеги, милдеттери» эл аралык форумунун негиздөөчүсү Россиянын Билим берүү министрлиги, уюштуруучусу – «Смыслография» аналитикалык агенттиги.

Иш-чара тууралуу бардык маалыматтар форумдун расмий сайтында https://forum-education.online/ жайгаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий