• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте орус тилин окутуучулар үчүн мастер-класс өткөрүлүүдө

Билим 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Бишкекте орус тилин окутуучулар үчүн мастер-класс өткөрүлүүдө. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Орус тили Кыргызстанда – жаңы мейкиндиктер" конкурсунун биринчи этабынын жыйынтыктары чыгарылды.

Долбоор жарандык коомду өнүктүрүүгө Президенттик гранттар фонду тарабынан берилген Россиянын президентинин гранттык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууда. Конкурс Бишкектеги Россиялык илим жана маданият борборунун, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин колдоосу менен өткөрүлүүдө. Конкурстун калыстар тобу – Орус тили жана адабияты мугалимдеринин эл аралык ассоциациясы.

2021-жылдын 28-30-майында Бишкекте конкурстун биринчи этабынын жеңүүчүлөрү болушкан орус тили мугалимдери үчүн мастер-класс өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, конкурска катышууну каалагандардын саны 200 адамдан ашкан, биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча 44 жеңүүчү тандалып алынган. Конкурстун экинчи этабында катышуучулар видео-сабактардын үзүндүлөрүн даярдоого тийиш, бул уюштуруу комитетине орус тилин чет тили катары окутуунун методикасы жаатындагы кесиптик компетенциялардын деңгээлин аныктоого жардам берет. Жыйынтыгында 2021-жылдын августунда Москвага саякатка бара турган 10 мыкты окутуучу тандалып алынат.

Пикир

Оставить комментарий