• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Ош базарындагы өрттөн жапа чеккен соодагерлер митингге чыгышты

Коом 0

Бишкек,16.04.18. /Кабар/. Бишкекте бүгүн КР өкмөтүнүн имаратынын алдына Ош базарындагы өрттөн жапа чеккен соодагерлер келтирилген чыгымды төлөп берүүнү талап кылып митингге чыгышты.

Чогулгандардын саны дээрлик 100гө жетти, алар өрткө жол берген базардын кожоюну келтирилген чыгымды төлөп берсин деп жатышат.

Эске сала кетсек, Бишкектеги Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Ош” базарынын айланасындагы “Берекет” соода базарында 2018-жылдын 13-апрелинде өрт чыккан. ӨКМ кызматына өрт тууралуу билдирүү болжол менен саат 03:50 чамасында түшкөн.

Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 7:40 чамасында чектөөгө алынып, кечки саат 19:46да толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн болжолдуу аянты 5412 м2 түзгөн. Келтирилген чыгым жана кырсыктын себеби такталууда, базар атайлап өрттөлгөн деген божомолдор да каралууда.

Бул быйылкы жылдын эсеби менен Ош базарындагы үчүнчү өрт.

Пикир

Оставить комментарий