• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте Панфилов паркындагы кафеден өрт чыкты - сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-майда Биринчи май районунун Панфилов сейил багынын аймагында жайгашкан "Панорама" кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 3 өрт өчүрүүчү бөлүм жана штаб тартылган.

Өрт саат 07:12де чектөөгө алынып, саат 08:26да толук өчүрүлдү.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгым такталууда.

Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий