• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте пара талап кылган Ленин РИИО кызматкери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 7-апрель /Кабар/. 2017-жылы 6-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети КР Ички иштер министрлигинин жеке коопсуздук кызматы (ЖКК) менен биргеликте Бишкек шаардык Ленин райондук ички иштер органынын (РИИО) участкалык инспекторун кармоо боюнча иш-чара жүргүздү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, аталган кармоо КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан КРнын Кылмыш кодексинин 313-беренесинде (Пара талап кылуу) каралган кылмыш белгиси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында өткөрүлдү.

Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чарасы жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий