• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте пара талап кылды делип тергөөчү жана ыкчам кызматкер кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. Эки миң доллар өлчөмүндө акчаны алып жаткан жеринен Бишкек шаардык Ленин райондук милициясынын тергөө кызматынын тергөөчүсү Ж.Т.С. жана кылмыш издөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери Б.Т.С. кармалды.

Тергөөчү тергөө алдындагы текшерүү материалдарын токтоткондугу үчүн чет элдик К.М.П. аттуу жарандан эки миң доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгү (“Пара талап кылуу”) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган тергөөчү кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий