Бишкекте параны кайтарып берип жаткан тергөөчү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19-апрель /Кабар/. Бишкекте Биринчи Май райондук ИИБ тергөөчүсү мурда алган 400 доллар өлчөмүндөгү параны кайтарып берип жатып кармалды. Бул тууралуу КР ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 2017-жылы февралда Биринчи Май райондук ИИБ тергөөчүсү А.Т. арыз ээси И.К.дан алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоо үчүн 500 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап алган. Бирок, кылмыш иши козголбогондуктан, тергөөчү мурда алган акча каражаттарын кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүн издеп келген”, - деп белгилешет басма сөз кызматынан.

КР ИИМ өздүк коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан 18-апрелде ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө Чүй проспектиси менен Курманжан көчөлөрүнүн кесилишинде тергөөчү мурда алган 400 АКШ долларын кайтарып жатып кармалган.

Бул кылмыш иши боюнча КР ИИМ тергөө башкармалыгы тергөө жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий