• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Патрулдук милиция иштей баштайт. Алар эмне иш кылат?

Коом 0

Бишкек, 31.10.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте пилоттук түрдө борбор калаанын Патрулдук милициясы иштей баштайт.

Жол коопсуздугуна жооптуу ички иштер органдарын реформалоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси Темирлан Ибраимов билдиргендей, бүгүн кайгуул милициясы ишке киришет. Ал иш чарага президент Сооронбай Жээнбеков да катышат.

"Кайгуул милициясы шаардагы коопсуздукту, анын менен бирге жолдордогу коопсуздукту карайт. Учурда кызматкерлердин 30%ы жарандардын арасынан тандалып алынды. Кызматкерлерди окутуу учурунда алардын жарандарга жасаган сылык мамилеси, физикалык жана психологиялык даярдыгы, кыйын абалдардагы жүрүм-туруму, техникалык каражаттарды колдоно билгендигине көңүл бурулду", - дейт ал.

Ибраимов билдиргендей, Кайгуул милициясынын кызматкерлеринин маянасы да жогору болот. Мурда катардагы кызматкер 10-11 миң сом алса, азыр 20-21 миң сом алмакчы.

Кайгуул кызматында 800дөн ашык киши иштемекчи. Учурда 600 жакын адам тандалып алынган.

Пикир

Оставить комментарий