• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте патрулдук милицияны түзүү боюнча пилоттук долбоорду 2019-2020-жылы ишке ашыруу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 05.11.18. /Кабар/. Бишкек шаарында патрулдук милицияны түзүү боюнча пилоттук долбоорду 2019-2020-жылы ишке ашыруу пландалууда, кийинки жылдары реформа бүт өлкөнү камтыйт. Пилоттук долбоорду ишке ашыруунун чоо-жайы тууралуу Саясий-укуктук иликтөөлөр борборунун директору, жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча эксперттик топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов президент Сооронбай Жээнбековго айтып берди.

Тамерлан Ибраимовдун маалыматына ылайык, жумушчу топ 6 жыйналыш өткөрүп, КР ИИМдин окутуу бөлүмдөрү менен таанышып чыкты жана Аскердик-дарыгерлик ишти иликтеди.

Натыйжада жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча Стратегия, Бишкек шаарында Патрулдук милиция түзүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы жана жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоонун I этабын ишке ашыруу үчүн керектүүлөрдүн тизмеси иштелип чыккан.

Анын айтымында, Жол коопсуздугун камсыздоочу башкы башкармалыгынын бөлүктөрү жана патрулдук-нөөмөт бөлүмдөрү бириктирилип, патрулдук милициянын жаңы бөлүмү түзүлөт.

Анын кызматтык милдеттери өзгөртүлөт. Патрулдук милиция жолдордогу коопсуздукка гана эмес, жалпысынан бекитилген участкалардагы коомдук коопсуздукка жооп берет. Патрулдук милиционерлер аларга бекитилген участканы толугу менен көзөмөлдөп, мыйзам бузууларды аныктап, алдын ала чараларды көрүп, дайыма кыймылда болушат.

«Эң башкысы, биздин пландарга ылайык, патрулдук милиция жарандар менен байланышта болуп, аларга жардам берген социалдык-сервистик кызматка айланат», — деп белгиледи Тамерлан Ибраимов.

Бул реформа үч баскыч менен ишке ашырылат. Биринчи — кадрларды сынактын негизинде тандоо. Экинчи баскычта тандалган кызматкерлер жарандардын укуктары боюнча маселелерди, тактикалык жана ок атуу даярдыгы, жол эрежелерин окуу сыяктуу тиешелүү окуудан өтүшөт. Үчүнчү баскыч — кызмат өтөөнүн өзү, ал антикоррупциялык чараларды жана кубаттоо ыкмаларынан турат.

Бишкек шаарында патрулдук милицияны түзүү боюнча пилоттук долбоорду 2019-2020-жылы ишке ашыруу пландалууда, кийинки жылдары реформа бүт өлкөнү камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий